6- Октябрь 1983 -жылы
Актёр Мирлан Абдуллаев туулган
Актёр Мирлан Абдуллаев Токмок шаарында туулган. Мектепти бүтүргөн соң Улуттук университеттин Юридикалык факультетине тапшырып, юрист адистиги боюнча аяктаган. Тасма талаасына досу Адил Кайыпов аркылуу аралашып, алгач эле “Стоп траффик” фильмине тартылган. Кийин "Уурунун махабаты", "Чыңгызхандын ак булуту", "Аят", "Байланыш" жана бир канча кыска метраждуу фильмдерге, клиптерге тартылган.