Арнольд Шварценеггер республикачыл партиянын атынан Калифорниянын 38-губернатору болуп дайындалган. Ал эми 2006-жылы ошол эле кызматка экинчи ирет шайланып, мөөнөтү 2011-жылы 3-январда аяктаган.
Теги австриялык болгон америкалык актёр, культурист жана коомдук ишмер Арнольд Шварценеггер 1947-жылы 30-июлда Австриянын Грац шаарынан анча алыс эмес жерде жайгашкан Таль кыштагында туулган. “Жырткыч” ("Хищник" (1987)) , “Коммандо”, (1985), “Эгиздер” ("Близнецы" 1988)), “Бала бакча полициясы”, ("Детсадовский полицейский" (1990)) “Терминатор” (1984), “Терминатор-2: Сурак күн” ("Терминатор 2: Судный день" (1991)), “Терминатор-3: Унаалардын көтөрүлүшү”, ("Терминатор 3: Восстание машин" (2003)), “Доктор Дулиттл-2” (2001) жана башка тасмалардагы ролдору менен белгилүү болгон Арнольд Шварценеггер 1990-жылдардан тартып саясатка аралаша баштаган.