5- Июль 1975 -жылы
Осетиялык цирк артисти, чабандес Алибек Кантемиров көз жумган
Осетиялык цирк артисти, чабандес, РСФСРдин Эл артисти (1966) Алибек Кантемиров 93 жашында көз жумган.
Алибек Кантемиров 1882-жылы 16-майда туулган. Ал алгач кирпич чыгарган заводдо арабакеч болуп иштеген. 20-кылымдын башында өзүн ат чабыштарда чабандес катары сынап көргөн. Ал эми 1907-жылы Батумидеги И.Малюгин атындагы циркте дебют жасаган.
Алибек Кантемиров 1924-жылы "Джигиты Али-Бек" аталыштагы алгачкы бир нече жигиттердин катышуусундагы номерин даярдаган.