Орусиялык театр жана кино актрисасы Чулпан Хаматова Татарстандын Казань шаарында инженердин үй-бүлөсүндө туулган. Чулпан мектепти аяктаган соң ата-энесинин каалоосу менен Казандагы Каржы-экономикалык институтуна тапшырган. Актриса болууну каалаган Чулпан жакындарынын каршы болгонуна карабай институтту таштап, Казандагы театралдык орто окуу жайга кирген. Кийин атактуу актриса болууну эңсеген Чулпан Хаматова Москвага аттанып, тилегине жеткен.