4- Октябрь 1946 -жылы
америкалык актриса Сьюзан Сарандон туулган
Америкалык актриса Сьюзан Сарандон АКШнын Нью-Йорк шаарында туулган. Ал тасмага тартылуу тууралуу 1967-жылы Крис Сарандон аттуу актёрго турмушка чыккандан кийин ойлоно баштаган. Актрисанын алгачкы ийгиликтүү ролу "Шоу ужасов Рокки Хоррора" (1975) тасмасында болгон. Ал эми 1980-жылы "Атлантик-Сити" тасмасына тартылып, 1982-жылы ошол ролу үчүн "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлгөн. Актрисага атактуулук алып келген тасмалар "Иствикские ведьмы", "Дархэмский бык", "Тельма и Луиза", "Масло Лоренцо", "Клиент" ж.б. болгон. Ал эми 1995-жылы "Мертвец идёт" тасмасындагы ролу үчүн көптөн күткөн "Оскар" сыйлыгына татыган.