6- Октябрь 1769 -жылы
Англиялык деңиз саякатчысы Жеймс Кук Жаңы Зеландияны ачкан
Англиялык деңиз саякатчысы Жеймс Кук Жаңы Зеландияны ачкан.
Жаңы Зеландияга 10-14-кылымда Полинезиядан келген маорилер отурукташкан. Ал эми 1839-жылдан тартып британиялыктар отурукташа баштаган. 1840-жылы Жаңы Зеландия Улуу Британиянын колониясы деп жарыяланган. 1843-жылы англиялык колониячыларга каршы маорилердин куралдуу күрөшү башталып, ал 1872-жылы гана басылган. 1907-жылы Жаңы Зеландия доминион статусуна ээ болуп, 1931-жылы сырткы жана ички иштерин өзү чечүүгө укук алган. 1945-жылдан БУУнун мүчөсү. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Улуу Британия менен саясий байланышы начарлап, АКШ менен саясий жана аскердик ынтымагы күчөгөн. АКШ тарапта Корея согушуна (1950-1953), Вьетнам согушуна (1965-1970) катышкан.