21- Декабрь 1981 -жылы Театр жана кино артисти Таттыбүбү Турсунбаева каза болгон
Театр жана кино артисти Таттыбүбү Турсунбаева 37 жашында көз жумган.
Таттыбүбү Турсунбаева 1944-жылдын 12-июлунда Нарын облусунун Чаек кыштагында төрөлүп, Жумгал районунун Чаек айылында орус орто мектепти бүтүргөн.
1960-жылы 16 жашында "Салиманын ыры" аттуу кыска метраждуу тасмада биринчи жолу тартылган.
17 жашында Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы институтунун "Драма жана кино актёру" факультетине тапшырган. 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын труппасына кирген.
Театрда дүйнөлүк жана советтик классикадан У.Шекспир, Лопе де Вега, Г.Лорка, Ч.Айтматов, М.Карим жана Е.Шварцтын чыгармалары боюнча сахнага 30дан ашуун эстен кеткис образдарды алып чыккан: Жульетта ("Ромео жана Жульетта"), Амелия ("Бернарда Альбанын үйү"), Фелисьяна ("Бий мугалими"), Асел ("Делбирим"), Анвар ("Фудзиямадагы кадыр түн") жана башкалар. Ошону менен бирге кинодо да жаркын элестерди жараткан.
Таттыбүбү Турсунбаева Кыргыздын эл сүйгөн эң атактуу актрисасы болгон. Анын сулуулугу бүтүн кыргыз элин суктандырган. Аны Кыргызда "сахнанын ханышасы" деп аташкан. Таттыбүбү Турсунбаева кыргыздын көп кинолоруна катышып, ролдорун жеткиликтүү аткарган. Ал "Ак Мөөр" тасмасында башкы каармандын, ал эми "Кызыл алма" фильминде бейтааныш сулуунун ролун ойногон. "Ак Мөөр" фильминен соң Таттыбүбү Турсунбаеваны кыргыздар "Соң-Көл чүрөгү" деп аташкан.
Таттыбүбү Турсунбаеванын тартылган тасмалары:
1960-жыл - "Салиманын ыры"- Салима
1965-жыл - "Эң тил алчаак" - Айзада
1967-жыл - "Саманчынын жолу" - Жаш Толгонай
1968-жыл - "Ак-Мөөр" - Ак Мөөр
1971-жыл - "Отко таазим" - Уркуя
1972-жыл - "Ак куулар конгон айдың көл" - Зейнеп
1973-жыл - "Атадан калган туяк" - Жээнгүл
1974-жыл - "Сүйүүнүн жаңырыгы" - Асия
1975-жыл - "Кызыл алма" - Бейтааныш сулуу
1975-жыл - "Арман"
1976-жыл - "Алтын күз"
1979-жыл - "Процесс".
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан