16- Октябрь 1983 -жылы
Швециялык ырчы Лорин төрөлгөн
Швециялык ырчы Лорин Швециянын Стокгольм шаарында төрөлгөн. Ырчынын толук аты-жөнү – Лорин Зинеб Нока Тальхауи. Ал 2012-жылы Азербайжандын Баку шаарында өткөн “Евровидение" сынагына катышкан. 42 мамлекет катышкан сынакта мыкты аткаруусу, өзгөчө бийи менен 372 добуш чогултуп, Лорин өзүнүн “Эйфория” аттуу ыры менен биринчи орунду жеңип, мекенине хрусталь микрофонду жана келерки жылы бул сынакты өткөрүү укугун алып кеткен.