20- Октябрь 1923 -жылы Советтик жана кыргыз театр жана кино актрисасы Бакен Кыдыкеева төрөлгөн
Советтик жана кыргыз театр жана кино актрисасы, СССР эл артисти Бакен Кыдыкеева Бишкек шаарынын Төкөлдөш тарабында туулган. Чыгармачылык жолун 1936-жылы Фрунзедеги жаш көрүүчүлөр театрынан баштаган. Ал адепки жылдары Пржевальсктагы (аз. Каракол ш.) облустук драма театрында, Тянь-Шань (аз. Нарын) музыкалык драма театрында иштеген. 1944-жылдын аягында Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына которулуп келген. Ал ар кыл пландагы образдардын ички терендигине актёрдук талдоо жүргүзүп, оң, терс, комедиялык, трагедиялык ролдорду бирдей аткарган кенири диапазондуу артист болгон. Актрисанын кинодогу ишмердиги кыргыздын биринчи көркөм фильми "Салтанат" менен байланыштуу болгон. Кийин ал көптөгөн фильмдерде ролдорду аткарган. Кинодогу мыкты ролдору үчүн дипломдор менен сыйланган. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси. Режиссёр катары А.Осмоновдун "Махабатын" койгон. Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган. 
Бакен Кыдыкеева 1993-жылы 70 жаш курагында каза болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан