30- Декабрь 1993 -жылы Советтик жана кыргыз театр жана кино актрисасы Бакен Кыдыкеева каза болгон
Советтик жана кыргыз театр жана кино актрисасы Бакен Кыдыкеева 70 жаш курагында каза болгон.
СССР эл артисти Бакен Кыдыкеева 1923-жылы Бишкек шаарынын Төкөлдөш тарабында туулган. Чыгармачылык жолун 1936-жылы Фрунзедеги жаш көрүүчүлөр театрынан баштаган. Ал алгач Пржевальск (аз. Каракол ш.) облустук драма театрында, Тянь-Шань (аз. Нарын) музыкалык драма театрында иштеген. 1944-жылдын аягында Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына которулуп келген. Ал ар кыл пландагы образдардын ички терендигине актёрдук талдоо жүргүзүп, оң, терс, комедиялык, трагедиялык ролдорду бирдей аткарган кенири диапазондуу артист болгон. Кинодогу мыкты ролдору үчүн Ленин ордени, Токтогул атындагы мамлекеттик жана башка сыйлыктарды, медаль, дипломдор менен сыйланган. Режиссёр катары А.Осмоновдун "Махабатын" койгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан