17- Октябрь 1917 -жылы
опера ырчысы Сайра Кийизбаева төрөлгөн
Опера ырчысы (лирика-драмалык сопрано) Сайра Кийизбаева Бишкек шаарынын Төкөлдөш тарабында туулган. Чыгармачылыгын 1936-жылы Кыргыз музыкалык драма театрында солист болуп иштөөдөн баштаган. Кийин бүт өмүрүн опера жана балет театрында өткөзгөн. Согуш учурунда жарым жылча фронт аралап концерт берип, согуштан кийин Москва консерваториясынан музыкалык билимин өркүндөткөн. 1943-жылы Чайковскийдин "Евгений Онегин" операсында Татьянанын ролун жогорку чеберчилик менен аткарып, дасыккан аткаруучу катары таанылган. Улам кийин операларда негизги партияларды аткарып, профессионалдык жогорку чекке жеткен. Ал музыкалык комедияларда да чебер ойногон ырчы-аткаруучу катары белгилүү болгон. М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында окутуучу, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда жеке ырдоо кафедрасынын башчысы жана профессору болгон. Кыргыз ССР Жогорку Советине бир нече жолу депутат болуп шайланган. Ленин, Октябрь революциясы, Эмгек Кызыл Туу, Ардак белгиси ордендери жана медалдар менен сыйланган. Сайра Кийизбаева 1988-жылы 71 жаш курагында бул дүйнөдөн көзү өткөн.