Физик, физика-математика илимдеринин доктору, профессор, академик Аманбек Жайнаков Талас районунун Кырк-Казык айлында туулган.
1963-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин физика-техникалык факультетин артыкчылык менен бутургон, 1969-жылы аспирантураны окуп аяктаган.
Аманбек Жайнаков 1963-1976-жылдары КМУда мугалим, аспирант, ага мугалим, доцент, декандын орун басары жана кафедра башчысы болуп иштеген.
Ал эми 1976-2002-жылдары Билим берүү жана илим министрлигинин астындагы Информатика жана маалыматтык технология Институтунун директору,
1993-жылдын август айынан 2002-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын физика-техникалык, математикалык жана ТОО-гелогиялык илимдер бөлүмүнүн Бюросунун төрагасынын орун басары,
1996-жылдан тартып Тоо иштери жана ТОО технологиялары институтунун ИТиММ каедрасынын башчысы,
2002-2003-жылдары Кыргыз Билим Берүү Академиясынын Президенти,
2003-2008-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, физика-техникалык, математикалык жана тоо-гелогиялык илимдер бөлүмүнүн Бюросунун төрагасы,
2008-жылдан тартып УИА ФТПМ жетектөөчү илимий кызматкери,
2010-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Президиумунун кенешчиси болгон.