7- Октябрь 1885 -жылы Даниялык физик Нильс Бор туулган
Даниялык физик Нильс Бор Копенгагенде туулуп, 1962-жылы 18-ноябрда 77 жашында жүрөк оорусунан каза болгон.
Бала чагында математика, физика жана философияга жакын болгон. Мектепти аяктаган соң 1953-жылы Копенгагендин университетине тапшырып, 1910-жылы магистр даражасына ээ болгон. 1911-жылы доктордук диссертациясын жактаган. Диссертациялык ишинде Бор Лоренцтин идеяларын кеңейтип, статистикалык механика теориясын далилдеген. Бул теорема "Бордун теоремасы" деп аталган. Нильс Бор азыркы физиканын түзүүчүсү. Ал 1922-жылы физика илимине кошкон салымы үчүн “Нобель” сыйлыгына татыган. Даниянын падышалык коомунун мүчөсү (1917) жана 1939-жылдан баштап анын президенти. Бор атомдун кванта теориясын алгачкы түзүүчүсү катары белгилүү.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан