8- Октябрь 1985 -жылы америкалык ырчы Бруно Марс төрөлгөн
Америкалык ырчы Бруно Марс Гавайидеги Оаху аралынын Гонолулу шаарынын Вайкики районунда туулган. Ырчынын өз аты-жөнү - Питер Жин Эрнандес. Ал бала кезинде ошол кездеги рестлер (күрөштүн заманбап түрү) боюнча белгилүү болгон Бруно Саммартиного окшошуп кеткендиктен, туугандары "кичинекей Бруно" деп чакырып калышкан. Ал эми Марс деген ысымды сахнага чыга баштаганда кошуп алган.
Бруно 3 жашында эле Элвис Преслинин 10дон ашык ырын жатка билген. Ал эми 4 жашында атасы жана апасынан турган үй-бүлөлүк топто Преслинин гана эмес, Майкл Жексондун да ырларын ырдап чыгып, аны көрүүчүлөр "кичинекей Элвис" деп атап алышкан. Бруно 5 жашка чыкканда "Элвистин кичинекей көчүрмөсү" деген диплом менен да сыйланган. Бруно хип-хоп, R&B, рок, регги музыкалык багыттары боюнча бирдей таланттуу болуп, 10 жашка чыкканда гитарада, фортепианодо мыкты ойногон.
2003-жылы Бруно мектепти аяктап, Лос-Анжелес шаарына ырчы болуу максатында сапар алган. Жазган ырларын ар кимге көрсө­түп жүрүп, 2004-жылы биринчи жолу "Motown Records" компаниясы менен келишим түзгөн. Бул келишимдин аркасынан Филипп Лоурен аттуу продюсер менен таанышып, ал жаңы чыгып келе жаткан ырчы Ари Левин менен Брунону жолуктуруп, топ түзүү идеясы жаралат. Ошентип, "Smeezingtons" тобу куралган, бирок топ ырчылык менен эмес, ырчыларга ыр жазып берүү менен гана чектелген. "Таттуу кыздар" ("Sugababes") сыяктуу белгилүү топтор жана Александр Бёрк өңдүү популярдуу ырчылар менен иштешип, шоу-бизнес чөйрөсүндө сөзгө алына баштаган. Кийин "Atlantic Records" компаниясынын менеджери болуп иштеген Аорон Бэй-Шук менен таанышып, иштеше баштаган. Брунонун алгачкы "Сен эгерде түшүнбөсөң жакшыраак болмок" ("It's Better If You Don't Understand") аттуу альбому хит-параддарда алдынкы ондукту ээлеп, күйөрмандарынын саны арбыган. Брунонун 2010-жылы чыккан "Жөн гана ошондойсуң" ("Just the Way You Are") аталыштагы альбому ийгиликтүү болгон. Анын "Жардыргыч" ("Grenade") аттуу ыры өзгөчө популярдуулукка жеткен. 
2010-жылы "Сага эч ким тең келбейт" ("Nothin' on You") деген ыры "Жылдын мыкты ыры" наамын жеңип алган. Андан соң 2011-жылы "Грэмми" сыйлыгына көрсөтүлгөн. Ушул эле жылы "Just the Way You Are" чыгармасын аткарып "Мыкты вокалдык аткаруу" сыйлыгына татыган. Рэпер Би-о-Би менен биргеликте аткарган "Nothin’ on You" чыгармасы 2010-жылы бүтүндөй Американын хит-параддарында алдынкы орундан түшкөн эмес.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан