9- Октябрь 1940 -жылы
англиялык музыкант, коомдук ишмер, “Битлз” тобунун негиздөөчүсү жана лидери Жон Леннон туулган
Англиялык музыкант, коомдук ишмер, “Битлз” тобунун негиздөөчүсү жана лидери Жон Леннон Англиянын Ливерпуль шаарында туулган. Ал ата-энесинин жалгыз уулу болгон. Ата-энеси ажырашып кеткендиктен, 3 жашынан баштап таежесинин колунда чоңойгон. 10 жашында апасын көчөдөн мастар сабап өлтүрүп кетишип, Жондун ыр жазуу таланты ошондо ойгонгон. Жашынан эле музыкага жакын болгондуктан, 16 жашында топ ачып, эл алдында ырдоого өтөт. Ал эми жеке жашоосуна кайрылсак, 1963-жылы Синтия аттуу кызга баш кошкон. Ортолорунда бир уулу бар. 1968-жылы Йоко Оно аттуу сүрөтчү менен кол кармашат. Бул жолу сүйүүсү үчүн өзүнүн Жон Уинстон Леннон деген фамилиясын Жон Оно Леннон деп өзгөртүп алган. Ушул жылдан тартып баңгизаттарын көп колдонгондуктан, топтогу лидерликти Пол Маккартниге өткөрүп берген. Топтон тышкары өз алдынча чыгарган альбомдору ийгиликке жетишкен эмес. 1980-жылдын 8-декабрында өзүнүн өтө берилген күйөрманы Марк Чэпмен далысына 5 жолу атып өлтүргөн. Ошентип, Жон Леннон 40 жашында көз жумган.