10- Октябрь 1964 -жылы
Токиодо XVIII Жайкы Олимпиада оюндары башталган
Япониянын борбору Токио шаарында XVIII Жайкы Олимпиада оюндары башталып, 24-октябрда соңуна чыккан. Ал Азияда өткөрүлгөн эң алгачкы Олимпиада оюндары болгон. Ага 93 өлкөдөн бардыгы болуп 5151 (678 аял) спортчу катышкан. Олимпиада оюндарында спорттун 19 түрү боюнча 163 комплект медаль ойнотулган.