13- Октябрь 1956 -жылы
Америкалык продюсер, сценарист жана режиссёр Крис Картер төрөлгөн
Америкалык продюсер, сценарист жана режиссёр Крис Картер АКШнын Беллфлауэр шаарында төрөлгөн. 1979-жылы Калифорния университетинин журналистика факультетин бүтүргөн. Ал 1985-жылдан тартып "Walt Disney Studio Entertainment" студиясында иштей баштаган. 1993-жылы "Ten Thirteen Productions" ("1013") продюсердик компаниясын ачып, ошол жылдан тартып "Секретные материалы" сериалын тарта баштаган. Ал 2002-жылга чейин тартылып, ал жылдар аралыгында анын 202 сериясы жарык көргөн. Андан соң "Тысячелетие" (67 серия), "Жестокое царство" (9 серия), "Одинокие стрелки" (13 серия) жана "Секретные материалы: Борьба за будущее", "Секретные материалы: Хочу верить" тасмаларын тарткан.