Кыргыз спортчу Адилет Шадыканов Казакстандын Астана шаарында өткөн каратэ-до боюнча Азиянын Чемпиондор Кубогунда алтын медаль жеңген. Мелдеште Адилет Шадыканов 84 килограмм салмакта Борбор Азия курама командасынан чыгып, 1-орунду ээлеген. Ошондой эле Борбор Азия курама командасы командалык эсепте да 1-орунду алган.