9- Октябрь 2013 -жылы
обончу, аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Апаз Жайнаков каза болгон
Обончу, аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Апаз Жайнаков 53 жаш курагында дүйнө салган.
"Кыргыз жери", "Өрүкзарга кетели" деген ырлары менен эл сыймыгына айланган Апаз Жайнаков Баткен облусунун Баткен районунда төрөлүп өскөн. Мектепти аяктагандан кийин Самаркандек айылындагы техникумга тапшырган. Көп өтпөй эле 2 жылга Чехословакияга аскердик кызматка жөнөп, аскерден келгенден кийин Ош педагогикалык институтунун музыкалык бөлүмүнө эки ирет тапшырып, сынактан өтпөй калган. Ал убакта бош жүрбөстөн, Апаз Жайнаков айылга барып совхоздо трактор оңдоочу, электрик болуп иштеген. Кийин Бишкектеги Улуттук филармониянын астындагы 2 жылдык студияга тапшырып, вокалдан сабак алган. Студияны аяктагандан кийин айылына барып, мурдагы жумушун уланткан. Ал эми 1985-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтуна тапшырып, жогорку билимге ээ болгон. Окуусун аяктап, бала бакчада эмгектенген. Андан соң Баткен райондук Маданият үйүндө иштеп калган.