20- Октябрь 2011 -жылы Ливиянын мамлекет башчысы, аскердик ишмери Муаммар Каддафи өлтүрүлгөн
Ливиянын мамлекет башчысы, аскердик ишмери Муаммар Каддафи Өткөөл улуттук кеңештин күчтөрү тарабынан колго түшүрүлүп, өлтүрүлгөн.
Ливиянын саясий жана аскерий ишмери, президент Муаммар Каддафинин туулган жылын биографтар 1940-жыл десе, өзү 1942-жылы 7-июнда Сирт шаарынан 30 километр аралыкта жайгашкан бедуиндин (көчмөн) алачыгында төрөлгөнүн айтып келген. Анын толук аты Муаммар бен Мухаммад Абу Меньяр Абдель Салам бен Хамид аль-Каддафи.
Тогуз жашында башталгыч, анан Себха шаарындагы орто мектепте окуп үй-бүлөсүндөгү эң биринчи орто билим алган. Мектепте жүргөндө он алты жашында ошол учурдагы системди кулатуу үчүн жаштардын арасында жашыруун уюм түзгөн. Анда 1949-жылы Ливия Италиядан бошонуп, Падыша Идрис Iдин бийлигинде турган.
Каддафи Египеттин лидери социалист, панарабист Гамал Абдел Насерден көп таасир алган. Бийликке каршы демонстрацияларды уюштуруу менен алектенгендиги үчүн ал мектептен айдалган. Каддафинин жогорку билим алуусунда бири 1964-жылы Ливия университетинде юристтик адистикке ээ болгон дешсе, 1963-жылы тарых боюнча бакалавр дипломун алган дешет. Окуп жүргөндө университеттин аскер академиясынын кечки курсунда угуучу катары катышкан. Ал окууда дайыма үлгүлүү окуучу, курсант экенин көрсөткөн. 1965-жылы аскерге чакырылган. Кийинчерээк британиялык аскердик колледжде он ай бронетанка ишин окуган.
Айрым маалыматтарга караганда, Каддафи өзүнүн жеке демилгеси менен башчылардан санкция албай аскер бөлүгүн 1967-жылы алты күндүк согушка египет аскерлерине жардамга жиберип, атын чыгарып алган. Кийин Падыша Идрис чет өлкөдө жүргөндө 1969-жылы 1-сентябрда жаш офицерлер арасында кутум уюштуруп, Триполиде хан сарайын, өкмөттүк мекемелерди, теле, радио имараттарын басып алып, Ливияны республика деп жарыялаган. Каддафи козголоңчулардын лидери жарыяланып, Революциялык башкаруу Кеңешинин жана жогорку Башкы командачы постунун жетекчилигин ээлеген. Төңкөрүштөн кийин ал полковник наамын алган, бирок 1976-жылы генерал-майорлукту алса да, полковник аталып жүрө берген. 1970-1972-жылдары Ливиянын коргоо министри жана премьер-министрлик расмий постун ээлеген. Муаммар Каддафи 1969-жылдан 2011-жылга чейин өлкөнүн башында турган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан