5- Октябрь 2013 -жылы Москвада бокс боюнча Александр Поветкин менен Владимир Кличконун беттеши болуп, Владимир Кличко жеңүүчү болгон
Москвада украиналык Владимир Кличко менен орусиялык Александр Поветкин беттешкен. Бул беттешке Владимир WBA super, IBF, WBO жана IBO версиялары боюнча чемпиондугун коргоо үчүн чыгып, 12 раунд бою тизгинди колунан чыгарган эмес. Ал эми Александр 4 ирет нокдаунга учураган. Анын бири 2-раундда, үчөө 7-раундда катталган. 12 раундга созулган беттеште бардык калыстардын эсеби боюнча 119:104 упай катыштыгында Кличко жеңип чыккан. Бул Владимир Кличконын карьерасындагы 64-беттеши (61 жеңиш, 3 жеңилүү) болсо, Александр Поветкиндин 27-беттеши (26 жеңиш, 1 жеңилүү) болгон. Келишим боюнча Кличко 17 миллион доллар алса, Поветкин 5,5 миллион долларга ээ болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан