4- Октябрь 2013 -жылы
Украинадагы Крестовка айылында 1930-жылдары репрессияланган кыргызстандыктарга арналган эстеликтин ачылышы болгон
Украинадагы Херсонск облусунун Крестовка айылында 1930-жылдары репрессияланган кыргызстандыктарга арналган эстеликтин ачылышы болгон. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын аталган өлкөдөгү элчиси Улукбек Чыналиев, Херсонск облусунун башчысынын орун басары Михаил Мельник жана башкалар катышкан. Эстелик ташка кыргыз, украин тилдеринде “Ак кепинге көмүлбөгөн белгисиз маркумдар... Бул жерде 20-кылымдын 1930-жылдарында тоталитардык репрессияда жазыксыз сүргүнгө айдалып келген кыргыздардын сөөктөрү жатат” деп жазылган.