3- Октябрь 2013 -жылы АКШнын Лос-Анжелес шаарында сот Майкл Жексондун өлүмүнө промоутердик компаниянын тиешеси жок деп тапкан
АКШнын Лос-Анжелес шаарында сот атактуу ырчы Майкл Жексондун өлүмүнө промоутердик компаниянын тиешеси жок деп тапкан. Ырчынын туугандары AEG Live компаниясын Жексондун өлүмүнө күнөөлөп, сотко кайрылган эле. Алардын айтымында, Жексондун жеке дарыгери Конрад Мюррейди ырчыга дал ушул компания жалдап берген. 12 адамдан турган сот арачылары AEG Live компаниясы Мюррейди жалдап бергенин тастыктап, бирок алардын кадамында мыйзам бузуу болгон эмес деген чечим чыгарган.  
Майкл Жексон 2009-жылы 25-июнда 50 жаш курагында көз жумган. Анын өлүмү үчүн мурдагы жеке дарыгери Конрад Мюррей күнөөлүү деп табылып, төрт жылга эркинен ажыратылган. Мюррей Жексонго уйку дарысын ашыра берип, коопсуздук чараларын көргөн эместиги айтылган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан