12- Июнь 1986 -жылы Испаниялык актёр Марио Касас туулган
Испаниялык актёр Марио Касас Испаниянын Ла-Корунья шаарында туулган. Бала чагында болочок актёр спорт менен машыгып, келечекте элге жардамы тийген коргоо кызматкери же өрт өчүргүч болгусу келчү. Бирок убакыт өтүп, актёрдук карьера өзү үчүн баарынан маанилүү жана кызыктуу экендигин түшүнө баштайт. 8 жашынан баштап ар түрдүү жарнамалык роликтерге тартылып, өзү үчүн жаңы дүйнөнү – актёрдук чөйрөнү ачат. Ушундан тарта камера менен иштөө ага жагып, актёрдук чеберчиликти ийне-жибине чейин өздөштүрүү максатында актриса, продюсер Кристина Ротанын актёрдук мектебинен сабак ала баштайт. Чыныгы ийгилик Мариого 2006-жылы "Коркпой кыялдануу" ("Мечтать без страха") сериалына тартылгандан кийин келген. Ошол эле жылы өз кумири Антонио Бандерастын "Жайкы жамгыр" ("Летний дождь") тасмасына тартылып, атактуулукка карай дагы бир чоң кадам таштаган.
Испаниялык актёр Марио Касас 2010-жылы жарык көргөн "Ашыктык асманында" тасмасында Ачи аттуу жигиттин ролун жаратып, өзүн дүйнөгө тааныта алган. Тасманын экинчи бөлүгү "Ашыктык асманында. Мен сени каалап жатам" деген аталышта чыгып, анда да Ачинин образын мыкты аткарган.
Мындан сырткары Марио Касас "Мээнин агуусу", "Секс, кечелер жана жалган", "7-топ", "Неондуу дене", "Кеме" тасмаларында жана Испаниянын белгилүү долбоору болгон "Ковчег" сериалында башкы ролдорду жараткан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан