14- Октябрь 2013 -жылы
Бишкекте “Аккула” ат майданында улуттук оюндар боюнча Ормон хандын 220 жылдыгына арналган “Манас оюндарынын” салтанаттуу ачылыш аземи болгон
Бишкекте “Аккула” ат майданында улуттук оюндар боюнча Ормон хандын 220 жылдыгына арналган “Манас оюндарынын” салтанаттуу ачылыш аземи болуп өткөн. Мелдештин ачылышына вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, Дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Мурат Саралинов, Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргыз Республикасынын Көк бөрү федерациясынын президенти Канат Исаев жана шаар башчы Иса Өмүркулов катышкан. “Манас оюндары” 14-20-октябрь аралыгында өтүп, анда кунан чабыш, көк бөрү, жорго салыш, аламан байге, тыйын эңмей, кыз куумай, эр эңиш, ордо, тогуз коргоол жана кыргыз күрөш боюнча мелдештер өтөрү белгилүү болгон.