I, II, III, VI, V чакырылыштардагы Жогорку Кеңештин депутаты
Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Васильевка жүзүмчүлүк совхозунда туулган.
Жогорку билимдүү. 1985-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин “юрист-укук таануучу” адистиги боюнча бүтүргөн.
1971-1972-жылдары Кант районунун Киргшелк кыштагындагы Фрунзе айыл чарба техникумунда окуган. 1972-1974-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1975-жылдары Фрунзе айыл чарба техникумун бүтүргөн.
Эмгек ишмердүүлүгүн 1975-жылы Москва районундагы “Заветы Ильича” колхозунда зоотехник болуп иштөөдөн баштаган, андан кийин Сүт-товар фермасынын башчысы болуп иштеген. 1979-1981-жылдары ушул колхоздун комсомол уюмунун катчысы болгон.
1981-1994-жылдары Кыргыз Республикасынын ИИМнин Сокулук райондук ИИБсинде опер кызматкери, бөлүмдүн начальниги болуп иштеген.
1994-жылы Кыргыз Республикасынын Жогору Кеңешинин Президиумунун Аппаратынын укук бөлүмүнүн улук консультанты, Укук коргоо жана мыйзамдуулук маселелери боюнча бөлүмдүн улук консультанты болуп иштеген.
1995–2000-жылдары – Кыргыз Республикасынын I чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты болгон. 1998-2000-жылдары Мыйзам чыгаруу жыйынынын Соттук-укуктук реформа боюнча комитетин жетектеген.
2000-2005-жылдары – Кыргыз Республикасынын II чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты;
2005-2007-жылдары – Кыргыз Республикасынын III чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаты; 2006-2007-жылдары Жогорку Кеңештин Укук тартиби жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетин жетектеген.
2007-2010-жылдары – Кыргыз Республикасынын IV чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаты. 2007-2009-жылдары Жогорку Кеңештин Коргонуу, коопсуздук, укук тартиби жана сот-укук реформасы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, 2009-2010-жылдары Жогорку Кеңештин Коргонуу, коопсуздук, укук тартиби жана сот-укук маселелери жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.
2011-жылдын сентябрь айында “Ата Журт” саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп келген. Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү.
“Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн” I даражадагы медалы (2001-ж.) менен сыйланган. Мамлекеттик кызматтын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси. Милициянын генерал-майору деген атайын наамы бар.
2015-жылдын 15-июлунда Хаджимурат Коркмазов Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин кызынан 100 миң доллар пара алып жатканда кармалган. Кылмыш үстүнөн кармалган депутат тергөө учурунда бул ишке президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаевдин катышы бар экенин билдирген. 22-июлда Нарымбаевге айып тагылып, УКМКнын СИЗОсуна убактылуу камакка алынган.
Райондук сотто прокурорлор Д.Нарымбаевге "опузалап пара талап кылуу" жана "кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу" беренелери боюнча айыптап, мүлкүн конфискациялоо менен 12 жыл 6 айга эркинен ажыратууну, ал эми Х.Коркмазовду 12 жылга эркинен ажыратууну суранышкан. 2015-жылдын 27-ноябрында Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Данияр Нарымбаев жана Хажимурат Коркмазов "алдамчылык" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, Нарымбаев 3 жылга, Коркмазов 1 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Бул чечимди 2016-жылдын 24-майында Бишкек шаардык соту карап, Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган. Ал эми 28-майда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Х.Коркмазов эркиндикке чыккан болчу.