Англиялык актриса Диана Дорс Англиянын Суиндон шаарында туулган. Ал Лондондогу музыкалык жана драмалык искусство академиясын аяктаган. 1940-1980-жылдары ондогон тасмаларда роль жараткан. Диана Дорс 1984-жылы 4-майда 52 жаш курагында рак оорусунан улам көз жумган.