25- Октябрь 1985 -жылы
Америкалык ырчы Сиара төрөлгөн
Америкалык ырчы, бийчи, продюсер, актриса, модель, клиптердин режиссёру Сиара АКШнын Техас штатындагы Остин шаарында төрөлгөн. Сиаранын толук аты-жөнү Сиара Принцесс Хэррис. Сиара 2004-жылы "Goodies" ыры менен дебют жасаган. "Lose Control" аттуу клиби үчүн 2005-жылы MTV Video Music Awards церемониясында "Эң мыкты бий видеосу" жана "Эң мыкты хип-хоп видео" сыйлыктарына ээ болгон. 2006-жылы ушул эле ырына "Грэмми" сыйлыгын алган.