26- Октябрь 1983 -жылы
Орусиялык футболчу Дмитрий Сычёв туулган
Орусиялык футболчу Дмитрий Сычёв Омскда туулган. Ал "Локомотив" клубунун оюнчусу. 2002-2010-жылдары Орусиянын курамы командасында ойноп, 2008-жылы Европанын чемпиондугунда коло медалга ээ болгон. 2004-жылы Орусиянын чемпиону болуп, ошол эле жылы оюнчулардын жана журналисттердин арасында өткөн сурамжылоодо "Орусиянын мыкты футболчусу" деп табылган. Дмитрий Сычёв 2008-жылы Орусиянын Эмгек сиңирген спорт чебери наамын алган.