Индонезиянын Суматра аралынын жээгинде жер титирөө болгон. АКШнын Геология кызматы билдиргендей, жер титирөөнүн күчү Рихтер шкаласы боюнча 7,7 магнитуданы түзгөн. Жер титирөө убагында жалпысынан 10 силкинүү болгон. Ал эми 26-октябрда кечке маал Ява аралындагы Мерапи жанар тоосу атылып, цунами жүргөн. 400дөн ашуун адам каза болуп, 100гө жакын киши дайынсыз жоголгон.