18- Октябрь 2013 -жылы
Бишкектин Биринчи Май райондук соту кримавторитет Камчы Көлбаевди 5 жыл 6 айга эркинен ажыраткан
Камчы Көлбаев 2012-жылдын аягында "Манас" аэропортунан кармалып, ага карата кылмыш иши козголгон. Ага "адам уурдоо", "бийликтин өкүлдөрүнө кысым көрсөтүү", "мыйзамсыз баңгизат сактоо" сыяктуу бир нече оор беренелер боюнча айып тагылган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту кримавторитет Камчы Көлбаевди 5 жыл 6 айга эркинен ажыраткан. Чечимге макул болбогон прокуратура шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылган. 24-декабрда экинчи инстанциядагы сот Көлбаевдин жазасын дагы 2 жыл 6 айга кыскартып, 3 жылга эркинен ажыраткан.