2- Ноябрь 1965 -жылы
Индиялык актёр, продюсер Шахрух Хан төрөлгөн
Индиялык актёр, продюсер Шахрух Хан Индиянын Нью-Дели шаарында төрөлгөн. Шахрух Нью-Делидеги лицейде окуп, аны бүткөндөн кийин Дели шаарындагы университеттин алдында уюшулган колледжге тапшырган. Андан кийин магистратураны бүтүрөт. Колледжде болочок актёр англис тилин чоң кызыгуу менен окуган. Актёрдук карьерасын дал ошол колледжде окуп жүргөндө баштаган. Алгач Шахрух сериалдарга тартылып, кийин 1991-жылы "Идиот" деген киного тартылгандан кийин таанылган. Ошол эле жылы "Чары Колдовские", "Мечты джентельмена" аттуу кинолордон роль жаратууга жетишкен. Өзгөчө анын "Наступит ли завтра или нет" деген киносу Индияда гана эмес, башка мамлекеттерде да белгилүү болгон. Шахрух "Мыкты актёр", "Мыкты роль", "Кино жылдыз", "Индиянын мыкты атуулу" сыяктуу наамдардын бир нече жолку ээси.