3- Ноябрь 1966 -жылы Италиядагы Арно дарыясы ташкындап, Флоренция шаарын сел каптаган
Жаандын көп жаашынан жана күчтүү шамалдан улам Италиядагы Арно дарыясы ташкындап, Флоренция шаарын сел каптаган. Жыйынтыгында 34 адам каза болсо, 5000 үй-бүлө үй-жайсыз калган. Көптөгөн искусствонун шедеврлери зыянга учурап, Флоренциянын улуттук китепканасындагы сейрек китептердин топтому бузулуп, жоголгон. Аталган суу ташкыны Флоренция шаарындагы 1557-жылдан кийинки эң күчтүү суу каптоо болуп эсептелет. Суу ташкынына карабастан шаар тургундарынын көпчүлүгү жана бийлик өкүлдөрү 3-ноябрда Флоренциядагы Куралдуу күчтөрдун улуттук майрамын белгилешкен. Кээ бир булактардын маалыматына караганда, эртеси күнү табигый кырсыктан курман болгондордун саны 149га жеткен. 100 миң адам каптап кеткен суудан улам бир нече күн үйлөрүнөн чыгалбай калган. Ошол учурда өлкө аймагында абанын температурасы 5 градуска көтөрүлүп кетип, тоолордо кар эрип Арно дарыясындагы ташкындап жаткан сууга кошулган. Кырсыктын кесепетинен ат майданындагы 260 жылкынын ичинен 70и өлгөн. 4-ноябрда таңга маал суунун деңгээли төмөндөгөн. Бул кырсыкка Италиянын бийлиги көңүл кош мамиле кылгандыктан, өлкөнүн экономикасы жана маданияты, анын ичинде 14 миң искусство чыгармалары зыян тарткан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан