3- Ноябрь 2010 -жылы Советтик жана орусиялык чарбачыл мамлекеттик ишмер Виктор Черномырдин каза болгон
Советтик жана орусиялык чарбачыл мамлекеттик ишмер Виктор Черномырдин 73 жаш курагында дүйнө салган. 
Виктор Черномырдин 1989-жылы “Газпром” компаниясынын жетекчиси болгон. Бийликке Борис Ельцин келгенде (1992-жылдын декабрь айында) Черномырдин Орусиянын Министрлер кеңешинин төрагасы болуп дайындалып, өкмөт башчылык орунда ал 1998-жылдын март айына чейин турган. Ошол эле жылы август-сентябрь айларында өкмөт кризиске учурап, башка кыйынчылык түшкөндө, Черномырдин кайра өкмөт башчы милдетин аткарган. Арадан бир жыл өтпөй “Газпром” концернге башчы болгон. 1999-жылдын апрель айында Югославияга каршы НАТО согуштук операция жасаганда Балкан аралында кагылышты жөнгө салуу боюнча Орусия президентинин атайын өкүлү болуп дайындалган. 2000-жылдын сентябрынан тарта В.Черномырдин орус-америкалык ишкердик кызматташуу боюнча кеңештин тең тайлаш төрагасы болгон. 
Виктор Черномырдин кийинки жылдары экономикалык кызматташуу боюнча КМШ өлкөлөрүндө Орусия президентинин атайын өкүлү болгон. 
Убагында Виктор Черномырдин Борис Ельциндин мураскору деп да аталып келген. Бирок президент ордун Владимир Путинге калтырган.
1996-жылы Борис Ельциндин жүрөгүнө операция жасалып атканда В.Черномырдин 23 саат бою президенттин милдетин аткарган. 
Бийликке В.Путин келгенден тартып В.Черномырдин чоң саясаттан четтетилген. Ал 2001-жылдан 2009-жылга дейре Орусиянын Украинадагы элчиси болуп турган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан