
Филология илимдеринин доктору, академик Бүбүйна Орузбаева 88 жашында узакка созулган оорудан улам көз жумган. Акыркы сапарга узатуу зыйнаты 30-октябрда өтүп, академиктин керээзи боюнча анын сөөгүн Байтик айылына коюлган.
Бүбүйна Орузбаева 1924-жылы 20-декабрда Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Чолпон айылында туулган. 1945-жылы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн.
Бүбүйна Орузбаева 1951-1954-жылдары Кыргыз ССРнын Илимдер академиясынын Тил, адабият институтунун кенже, улук илимий кызматкери;
1954-1956-жылдары директордун илимий иштер боюнча орун басары;
1956-1959-жылдары грамматика секторуна башчы;
1959-1962-жылдары директор;
1962-1976-жылдары ошол институттун түркология жана терминология секторлоруна башчы;
1976-1987-жылдары Кыргыз энциклопедиясынын башкы редактору;
1987-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тил, адабият институтунда бөлүм башчы; 1984-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиумунун мүчөсү болгон. Анын илимий эмгектери кыргыз грамматикасына, лексикология жана лексикографияга, кыргыз тилинин тарыхына, кыргыз терминологиясына, тил аралык байланышка, тил илиминин жана айрым түркологиянын маселелерине арналган.