19- Октябрь 2013 -жылы
Чөгүп кеткен "Титаник" лайнериндеги Уоллес Хартли ойногон скрипка 900 миң фунт стерлингге сатылган
1912-жылы "Титаник" чөгүп жаткан убакта кемедеги оркестрдин жетекчиси Уоллес Хартли ойногон скрипка 900 миң фунт стерлингге, башкача айтканда болжол менен 1,5 миллион долларга сатылган.
Куткаруучулар Уоллес Хартлинин сөөгүн кеме чөккөндөн 10 күндөн кийин табышкан. Скрипка Уоллес Хартлинин көкүрөгүнө байлануу болгон. Ал Уоллес Хартлинин жакын адамы Мария Робинсонго өткөрүп берилген. Кийин скрипканын дайыны билинбей, 2006-жылы табылган.