V чакырылыштагы “Ата Мекен” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Гүласал Садырбаева Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Бирлик айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1971-жылы Жалал-Абад шаарындагы педагогикалык окуу жайын, 1980-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтун “биология мугалими” адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолун 1971-жылы башталгыч класстардын мугалими катары баштаган, андан кийин Ноокен районундагы Жаңы-Турмуш №4-орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
1980-жылдын августунан баштап Ноокен районундагы Ж.Ниязов атындагы адистештирилген мектеп-интернатынын директорунун окуу иштери боюнча орун басары, 1991-жылдын сентябрынан 2010-жылдын ноябрына чейин ушул эле мектепте биология боюнча мугалим болуп иштеген.
2010-жылдын октябрында “Ата Мекен” социалисттик партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин мүчөсү.
Кыргыз Республикасынын Элге билим берүүсүнүн отличниги.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган.