24- Июль 1876 -жылыКурманжан датканын уулу Абдылдабек Фергана аскер губернатору, генерал-майор М.Д.Скобелевге жооп кат жөнөткөн
Курманжан датканын уулу Абдылдабек Фергана аскер губернатору, генерал-майор М.Д.Скобелевге жооп кат жөнөткөн. Абдылдабектин катында алайлык кыргыздардын орус бийлигине каршы көтөрүлүшүнүн себеби алардын көздөгөн максаты ачык кабарланат.
Мындан тышкары Абдылдабек орус бийлигине толук ишенбей тургандыгын, эгер айтылган убадалар толук сактала турган болсо, бийликке моюн суна тургандыгын билдирген. Абдылдабек “эгер орус бийлиги Ош уездинде Шабдан баатырды калтырса, аймакта тартип орной тургандыгына ишенем” деп айткан.