6- Ноябрь 1494 -жылы Осмон империясынын султаны Сулейман I туулган
Европа тарыхында “Улуу Сулейман”, Түрк тарыхында “Адилеттүү Сулейман” аты менен калган Осмон империясынын 10-султаны Сулейман I же Сулейман Кануни султан Селимдин үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Селим кайтыш болгон учурда Сулейман 26 жашта болгон жана ушул жашында баш-аягы жок чоң өлкөнү башкара баштаган. Ал аз эле жылдын аралыгында Европа өлкөлөрүнө өз өкүмүн жүргүзүүгө жетишкен. Бир канча жүрүштөрдү жасаган. Ошондой эле ал жалаң гана согуш иши менен алек болбостон, өлкөнүн социалдык абалына, маданиятына, курулуш архитектурасына да көңүл бөлгөн. Өзү мамлекет башчысы болгонуна карабастан, кол өнөрчүлүк менен да алек болгон. Мыкты зергер жана сүрөтчү катары да элге белгилүү болгон. Сөзгө чечен гана болбостон, ыр да жазган. Анын доорунда өлкөдө бир канча көпүрөлөр, ак сарайлар, мечиттер курулган. Стамбулдагы чоңдугу боюнча экинчи орунду ээлеген "Сулаймание" мечити Осмон доорунун үлгүсүн камтыган мечит болуп эсептелет. Өзүнүн бир мүнөт убактысын да текке кетирбеген халиф Сулейман айланасындагы душмандардын үшүн алып, аларды аны менен эсептешүүгө аргасыз кылып турган. Отуз жыл ичинде өлкөнү болуп көрбөгөндөй өнүктүргөн султан Сулейман 1566-жылы 6-сентябрда кезектеги жортуулуна аттанып бараткан жеринен 71 жашында каза болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан