9- Ноябрь 1989 -жылы
Кытай Элдик Республикасынын Аскердик-борбордук кеңешинин башчысы Дэн Сяопин отставкага кеткен
Кытай
Элдик Республикасынын Аскердик-борбордук кеңешинин башчысы Дэн Сяопинотставкага кеткен.
Кытайлык саясатчы жана реформатор Дэн Сяопин 1904-жылы 22-августта Сычуань провинциясында Гуанъань кыштагында төрөлгөн. Чыныгы аты-жөнү Дэн Сяньшэнболгон. Дэн Сяньшэндин кичине кезинде апасы каза болуп калат. Атасы аны мыкты делген мектепке киргизип, билим алуусуна шарт түзөт. Окуп жүргөн чагында фамилиясын Сяопин деп өзгөртөт. 1919-жылы 15 жаш курагында Францияга окууга жөнөйт. Акчадан кыйналганына байланыштуу окуп да, иштеп да жүрөт. Алгач темир жолдо, кийинчерээк “Рено” автозаводунда, андан соң өрт өчүргүч, официант болуп эмгектенген.
1923-жылы Кытай жаштарынын коммунисттик союзуна кирет. 1923-жылы Кытай Коммунисттик партиясына (ККП) өтүп, Кытай жаштар союзунун лидери да боло алган. 1926-жылы Москвадагы Чыгыш эмгекчилеринин университетине тапшырып, билим алат. 1945-жылы Кытай Коммунисттик партиясынын секретары болуп орношот. 1952-жылы вице-премьер болуп иштейт. 1966-1969-жылдардагы маданий төңкөрүштөн кийин Дэн достору менен репрессияга кабылган. 1973-жылы акталып, премьер-министрдин орун басары болуп дайындалат. 1975-жылы ККПнын төрагасынын орун басары болуп кызмат кылган. 1977-жылдан тарта өлкөнүн экономикасын, айыл чарбасын, өндүрүш, курулуш, экспортту жөндөөгө жетише алган. Кытайдын экономикасынын дүркүрөп өсүп өнүгүшүнө жана дүйнөдөгү эң өнүккөн мамлекеттердин катарына кошлушуна чоң салым кошкон Дэн Сяопин "кытай кереметинин" жаратуучусу атыккан. Ал 1997-жылы 19-февралда Пекинде каза болгон. Анын ысымы 1996-жылы июнда Бишкектин көчөсүнө ыйгарылган.