Орусиялык телеалпаруучу, журналист Яна Чурикова Москва шаарында туулган. Мектепти аяктаган соң М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетине тапшырып, студент кезинде эле журналист болуп иштей баштаган. Дипломун колго алып, 1992-жылдан тарта “Глагол” газетасында катардагы кабарчы болуп эмгектене баштаган. 4 жылдан кийин, 1996-жылы "АТВ" деп аталган телеканалга ишке орношот. Кийинки жылы "Biz TV" каналында, 1998-2003-жылдары “MTV Россия“ каналында иштеген. 2002-жылы Яна Чурикова Орусиянын Биринчи каналына жумушка чакырылып, “Доброе утро”, “Реактив” берүүлөрүнүн алпаруучусу катары эфирге чыга баштаган. Ошондой эле Янаны көпчүлүк күйөрмандары “Фабрика звёзд” теледолбоору аркылуу таанышкан.