Орус шахматчысы Гарри Каспаров 22 жашында "Дүйнө чемпиону" титулун жеңип алган. Советтик жана орусиялык шахматчы Гарри Каспаров Азербайжан ССРинин Баку шаарында төрөлгөн. Атасы Ким Моисеевич Вайнштейн баласынын шахмат оюнуна кызыккандыгынан улам, аны менен күндүр-түндүр шахмат ойногондон тажачу эмес. Атасы Гаррини 7 жашында Баку шаарындагы шахмат боюнча пионерлер үйүнө тапшыртат. Бирок 1974-жылы Гарринин үй-бүлөсүн кырсык басып, атасы Ким Вайнштейн лейкемия оорусунан улам каза болгон. Ал күндөр Гарринин жашоосундагы эң кыйын кезең болгон. Анткени ал кичинесинен атасынан ажырабай, ар дайым жанында жүргөн. Энесине караганда атасына көбүрөөк жан тартчу. 10 жашынан баштап Гарри Михаил Ботвинниктин шахмат-мектебине тапшырып, 15 жашында анын жардамчысы болгон. 1976-жылы Гарри Вайнштейн 13 жашында СССРдин өспүрүмдөр арасында чемпиону аталган. Ошол эле жылы Гарринин энеси Клара Каспарян Гарринин келечектеги карьерасынын өсүшүнө өбөлгө болот деген таризде ысымын өзгөртүүнү туура көрөт. Ошентип, Вайнштейн ысымынын ордуна энеси өзүнүн ысымын берип, "ян" дын ордуна "ов" мүчөсүн улап, Каспаров деген фамилияга алмаштырган.