10- Ноябрь 1975 -жылы Орусиялык журналист, телеалпаруучу, продюсер Тина Канделаки туулган

Орусиялык журналист, телеалпаруучу, продюсер Тина Канделаки 1975-жылы 10-ноябрда Грузиянын Тбилиси шаарында туулган. Толук аты-жөнү – Тинатин Гивиевна Канделаки. Орто билимди туулуп өскөн айылындагы 64-мектепен алып, аны аяктаган соң медициналык институтка тапшырган. Алып баруучунун телевидениедеги карьерасы Грузияда башталган. 1-курста окуп жүргөндө грузин телеканалдарынын бириндеги алып баруучулукка кастингге катышып, өтүп кетет. Телеканалдын кызматкерлери Т.Канделакинин сырткы келбетин жана эфирде өзүн алып жүрүүсүн жактырышкан. Бирок Т.Канделаки грузин тилинде сүйлөй албагандыктан, 3 айдын ичинде тилди өздөштүрүп, алып баруучулук кызматка киришет. Анын эң алгачкы эфири түз эфир болгон. Мындан соң алып баруучу медициналык институтту таштап, журналистика факультетине которулуп кеткен. Окуп жатып телевидениеде жана “Радио 105” радиосунда иштеген. Т.Канделаки Грузияда карьерасынын жогорку чегине жеткен соң, андан ары өнүгүү максатында Москваны көздөй сапар алат.

Москвадагы карьерасы

Москва шаарына келген соң Т.Канделаки борбордук маалымат каражаттарына чалып жумуш издей баштайт. Ошентип М-радио аттуу радиого жумушка кирет. Андан соң “Күмүш түстүү жамгыр” (“Серебряный дождь”) радиосунда, кийинчерээк "2Х2" телеканалындагы “Биз-ТВ” программасында алып баруучу болуп иштейт. Ошондой эле Муз-ТВ телеканалындагы “Убакыт” (“Времечко”) программасында иштеп, «ТВ-6» каналында “Ой, апа” ("Ой, мамочки!"), ”Алло, элим” ("Алле, народ!") жана “Мен баарын билем” ("Я знаю все") көрсөтүүлөрүн алып барган. Т.Канделаки 2002-жылдан 2007-жылга чейин СТС телеканалындагы “Майда-чүйдөлөр” (“Детали”) программасынын алып баруучусу, 2003-жылдын март айынан тартып, “Эң акылдуу” (“Самый умный”) программасынын жүзүнө айланган. 2004-жылдан тарта Александр Цекало менен “Жакшы ырлар” (“Хорошие песни”) программасын алып барган. Мындан тышкары, Тина Канделаки дагы бир нече рейтинги жогору телекөрсөтүүлөрдүн алып баруучусу. Ал Орусиядагы эң бат сүйлөгөн алып баруучулардын катарына кирет.

Жеке жашоосу

1997-жылы Т.Канделаки Андрей Кондрахин аттуу сүрөтчу жана ишкер менен таанышып, экөө 2 жыл сүйүү мамилесинде болуп, үйлөнүшкөн. Ортосунда Мелания аттуу кызы жана Леонтий деген уулу төрөлгөн. Т.Канделаки жолдошу менен 11 жыл жашаган соң ортодогу түшүнбөстүктөрдөн улам 2010-жылы расмий түрдө ажырашып кеткен.

Алган сыйлыктары

Тина Канделаки 2006-жылы “ТЭФИ” сыйлыгынын "Мыкты ток-шоу алпаруучусу", мода жана стиль тармагындагы белгилүү "Астра" сыйлыгынын "Эң стилдүү телеалпаруучусу" наамына татыган. Ошол эле жылы “Glamour” сыйлыгынын "Форма жана маани" деп аталган атайын сыйлыгына, "Top 10 Sexy" сыйлыгынын "телевидение" категориясынын “Эң сексуалдуу телеалпаруучу айым” сыйлыгына арзыган. Ошондой эле Тина Канделаки 2007-жылы “Атасынын кыздары” (“Папины дочки”) сериалында роль жараткан.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан