30- Октябрь 2013 -жылы Бишкекте 50 жаш түгөйлөрдүн үйлөнүү тою өткөн
Бишкекте 50 жаш түгөйлөрдүн үйлөнүү тою өткөн. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги тарабынан уюштурулган.
Бул салтанаттын максаты - жаш үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү болгон. Иш-чарага алгач катышууну каалаган 110 жуптан арыз келип түшкөн. Алардын ичинен талаптарга жооп берген 50 жупту тандап алуу үчүн Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкуловдун буйругу менен жуптарды тандоо боюнча комиссия түзүлгөн. Комиссиянын курамына Жогорку Кеңештин аппаратынын, аталган министрликтин, Билим берүү жана илим министрлигинин, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана Социалдык өнүгүү министрлигинин өкүлдөрү кирген.
Эске салсак, 2011-жылы 20 жана 2012-жылы 35 жуптун тою бир күндө өткөрүлгөн.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан