V чакырылыштагы “Ар-намыс” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Нуркамил Мадалиев Ош областынын Алай районундагы Гүлчө айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1979-жылы Фрунзе финансы-экономикалык техникумун аяктап, 1987-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин тарых адистиги боюнча, 1995-жылы юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн. Тарых илимдеринин кандидаты.
1979-1981-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
Эмгек ишмердүүлүгүн 1981-жылы Алай районундагы “Живпром” ишканасында эсепчи болуп иштөө менен баштаган.
1987-1988-жылдары – Алай районундагы Макаренко атындагы орто мектепте тарых мугалими;
1988-1997-жылдары – Ош мамлекеттик университетинде лаборант, окутуучу, ага окутуучу;
1998-1999-жылдары – Ош мамлекеттик университетинде юридика факультетинин деканынын орун басары жана жарандык укук жана ишкердик кафедрасынын улук окутуучусу;
1999-2013-жылдары – Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Оштогу филиалынын директору болуп иштеген.
2013-жылдын 6-февралында “Ар-намыс” саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болгон. Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин мүчөсү.