14- Ноябрь 1765 -жылы
Дүйнөдөгү алгачкы кеменин ойлоп табуучусу, америкалык Роберт Фултон туулган
Америкалык ойлоп табуучу, инженерРоберт Фултон1765-жылы 14-ноябрда Америкадагы Кичи Британия шаарында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Бала чагында куралдарды, фейерверктерди жасоого кызыгып, чийүү, сүрөт тартууну жакшы көрчү. Ал 12 жашында дөңгөлөктүү кыймылдаткычы бар кайык жасаган. Мектепти аяктаган соң Р.Фултон Филадельфияга көчүп барып, зергердин жардамчысы, кийинчирээк чийүү боюнча адис болуп иштейт. Ал эми 21 жашында Англияга барып, ал өлкөнүн архитектурасын өздөштүрөт. 1793-жылы Р.Фултон кеменин чиймесин жаратып, ал Англиянын өкмөтүнүн кароосуна коюлат. Ал эми 1800-жылы ойлоп табуучу Францияда "Наутилус" деп аталган суу астындагы кеменин алгачкы үлгүсүн жаратат. 1803-жылы А.Фултон Франциядагы Сена дарыясында алгачкы кемени сыноодон өткөргөн. Америкага барган соң 1807-жылы жай мезгилинин аягында Гудза дарыясында анын "Түндүк дарыясынын кемеси" деген аталыштагы кемеси алгачкы жолу иштетилип көргөн. Бул кеме тарых барактарында "Клермонт" деген ат менен сакталып калган. Р.Фултон аталган кемеге патент алган соң аскердик үлгүдөгү кемелерди даярдай баштаган. Ага көрүнүктүү мисал катары "Фултон биринчи" аскердик кемесин айтууга болот. 1813-жылы ойлоп табуучу Орусиядагы кемелерди куруу укугуна ээ болуп, бирок андан пайдаланууга жетишпей калган. Ал эми келишим орусиялык инженерЧарльз Бердгеөтүп кеткен. Кеме куруудан тышкары Р.Фултон көпүрөлөрдү проектилөө менен алектенген. Алсак, анын проектисинин негизинде Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы Жашыл көпүрө (Зеленый мост) курулган. Р.Фултон 1815-жылы 24-февралда 49 жашында Нью-Йорк шаарында көз жумган.