“Ак жол” партиясынан IV чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты Санжар Кадыралиев Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылында туулган. 2000-жылы Кыргыз-Өзбек университетинин экономика факультетин аяктап, 2003-жылы Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетин бүтүргөн. 2002-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Панкратион федерациясынын вице-президенти болуп турган. 2007-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып, 2009-жылы 14-апрелде Бишкекте өз үйүнүн жанынан атылып өлтүрүлгөн.