
Беназир Бхутто Пакистандын өкмөт башчысы
болуп шайланган. Ал мусулман өлкөсүнөн чыккан алгачкы лидер аял.
Мусулман өлкөлөрүнөн чыккан биринчи өкмөт башчы айым Беназир Бхутто 1953-жылы 21-июнда Пакистандын Карачи шаарында туулган. Бхутто Гарвард, андан кийин Оксфорд университеттеринде окуган. 1979-1984-жылдар аралыгында саясий куугунтукка туш болгон. 1984-жылы Англияга көчүп кетип, 1986-жылы кайра келип, атасы негиздеген Пакистан элдик партиясын жетектеген. 1988-жылы шайлоодо жеңишке жетишип премьер-министр кызматына отурган. 1990-жылы кызматтан четтетилип, 1993-жылы кайра премьерликке келген. 1993-жылы Беназир Бхуттонун бир тууганы Муртаза мекенине кайтып келип, партия жетекчилигин талашкан. Бирок ал терроризмге катышы бар деп айыпталып, камалып, бир жылдан кийин бошотулган.
1996-жылы Муртаза полиция менен атышууда курман болуп, анын өлүмүнө Беназирдин күйөөсү күнөөлүү деген айып тагылган. Көп өтпөй Бхутто да "коррупцияга малынган, жалданма киши өлтүрүүлөргө тиешеси бар" деп айыпталган. 1997-жылы шайлоодо анын партиясы жеңилип, анын үй-бүлөсүнө расмий түрдө айып тагылган, бирок көп өтпөй кайра токтотулган. Ал 1997-жылы өз өлкөсүнөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. 2007-жылы четте жүргөн бир топ саясий фигураларга мунапыс берилип, анын ичинде Беназир Бхуттого мекенине кайтып келүүгө жол ачылган. Келип президент Мушаррафка каршы оппозициянын башында туруп, шайлоодо жеңишке ээ боло алган эмес. Шайлоонун жыйынтыгына нааразычылык акциясын баштап, эл менен жолугушуу учурунда мусулман өлкөлөрүнөн чыккан биринчи өкмөт башчы айым, Пакистандын 17-премьер-министри 2007-жылы 27-декабрда жардыруудан курман болгон.