Швейцариялык эксперттер 2004-жылы көз жумган Палестина лидери Ясир Арафаттын полонийден (радиоактивдүү химиялык элемент) ууланып өлгөнүн тастыкташкан. Мындай маалыматты дарыгерлердин корутундусу менен таанышкандан кийин анын жубайы Суха Арафат жарыялаган. Экспертизаны Лозанна университетинин радиациялык физика институтунун адистери жүргүзүп, жыйынтыгында Ясир Арафаттын денесинде полонийдин нормадан 18 эсе көп экени белгилүү болгон.