6- Ноябрь 2013 -жылыЭмомали Рахмон Тажикстандын президенти болуп кайрадан шайланган
Тажикстанда президенттик шайлоо өтүп, борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, 1-орунду ошол эле учурдагы президент Эмомали Рахмон алып, кайрадан өлкө башчысы болуп шайланган. Ага шайлоочулардын 83,6 пайызы добуш беришкен.
Эмомали Рахмон 1952-жылы 5-октябрда Тажикстандагы Дангара кыштагында төрөлгөн. Орто мектепти аяктаган соң, Коргонтөбөдөгү май куйуучу заводдо электрик болуп иштеген. Кесиби боюнча экономист. 1990-жылы Тажикстан ССРинин Жогорку Кеңешинин депутаты, ал эми 1994-жылы Тажикстандын президенти болуп шайланган. 2006-жылы болгон шайлоодо калктын 73 пайыз добушуна ээ болуп төртүнчү жолу президенттик орунду ээлеген. Эмомали Рахмон 2007-жылы тажик элин фамилиядан “ов” уңгусун алып таштоого чакырган жана өзү биринчилерден болуп бул кадамга барган. Президенттик кызматка келгенде “Тажикстанда дин саясаттын тышында болот” деп билдирген.